Машина сүзүп кеткен төрт жашар кыз чарчап калды

Жазылуу
Жеңил машинанын айдоочусу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Божомолдорго караганда машина Volvo маркасындагы унаа болгон.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Белгисиз айдоочу төрт жашар кызды сүзүп кетип, ал чарчап калганын Sputnik агенттигине Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматы билдирди.

Тоодогу унаа жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кырсыктан каза болгон беш адамдын арасында балдар бар
Окуя 22-июнь күнү саат 20.40та "Дордой" базарынын аймагында катталган. Жеңил машинанын айдоочусу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Божомолдорго Караганда, машина Volvo маркасындагы унаа болгон.

Наристе алган жарааттарынан улам Улуттук госпиталда чарчап калды. 

Учурда айдоочуну издөө аракеттери көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0