Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына чөгүп кеткен жаран изделүүдө

Жазылуу
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издеп куткаруу отряды жана тоо-кен кырсыгынан куткаруубоюнча ыкчам взводунун куткаруучулары тартылды.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1989-жылы туулган Садыралы уулу Айбек Нарын дарыясына чөгүп кеткенин ӨКМ маалымат кызматы билдирет.

Суу тазалоочу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүп кеткен Subaru автомашинасынын ичиндеги алты кишинин бирөө каза болду
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек-Ош автоунаа жолунун 442-чакырымында болгон. Садыралы уулу Айбек сууга жуунуп жаткан жеринен агып кеткен.

Аталган жаранды издөө иштерине ӨКМнын 2-издеп куткаруу отрядынын жана тоо-кен кырсыгынан куткаруу боюнча 6-ыкчам взводунун куткаруучулары тартылды. 

Издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0