Атайын кызмат: ЭКККМК кызматкерлерин кармоодо кесиптештери тоскоолдук жаратты

Жазылуу
Учурда тергөө иштерине тоскоолдук кылганы үчүн ЭКККМК кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берүү маселеси каралууда.

БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы пара алган деген шек менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын эки кызматкерин кармаганын УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каржы полициясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Буга чейин УКМКга аты аталбаган жаран арыз менен кайрылып, ЭКККМК кызматкерлерине эки жылдан бери акча төлөп келе жатканын билдирген. Кызматкерлер аны кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп опузалашкан. 

Маалыматка ылайык, аталган жаран ай сайын 120 миң сом төлөгөн.

Натыйжада 300 миң сом пара алып жаткан жеринен ЭКККМК башкармалыгынын жана борбордук аппараттын эки кызматкери кармалган.

"Кармоо учурунда ЭКККМКнын 20 чакты кызматкери келип, тергөө иштерине тоскоолдук жаратышты", — деп айтылат билдирүүдө. 

Азыр тергөө иштерине тоскоолдук кылганы үчүн ЭКККМК кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берүү маселеси каралууда.

Кармалгандар эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0