Пара алып жаткан Балыкчы шаарынын соту кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция фуражкасы жана кишен. Архив
Милиция фуражкасы жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупцияга каршы комитети тарабынан 23 миң сом пара алып жаткан жеринен Балыкчы шаарынын соту жана бул иште ортомчулук милдетти аткарган адвокат кармалды.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы (ККК) тарабынан Балыкчы шаарынын соту менен адвокат 23 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июнь күнү КККга жакын тууганын эркинен ажыратуу аракети менен коркутуп, ишти оң жагына чечүү үчүн 35 миң сом талап кылган Балыкчы шаарынын сотуна чара көрүү өтүнүчү менен жаран кайрылган.

Кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каржы полициясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Арыздын негизинде 18-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте 23 миң сом пара алып жаткан жеринен Балыкчы шаарынын соту жана бул иште ортомчулук милдетти аткарган адвокат кармалды. 

Мындан тышкары, иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө судьядан 46 миң 150 сом жана 200 доллар табылган. 

Аталган фактылар боюнча Балыкчы шаарынын сотуна кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси ("Пара талап кылуу"), ал эми адвокатка 30-313 ("Пара талап кылууга катышуу") беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Сот менен адвокат УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0