Американын эки жараны Кегети капчыгайынан адашып кеткен

Жазылуу
Аларды издөө үчүн ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылган.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы "Көл-Төр" көлмөсүнүн аймагында Американын эки жараны адашып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, АКШ жарандары 16-июнда түнкү саат 11:00дөр чамасында адашып кетишкен.

17-июнда издөө иштерин 7 куткаруучу жүргүзүп, кечки саат 21:40тарда табылган АКШ жарандары  Бишкек шаарына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0