Милиция дайынсыз жоголгон баланы табуу үчүн жардам сурайт

© пресс-служба ГУВД БишкекаСегиз жаштагы Абай Мейманов
Сегиз жаштагы Абай Мейманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала гүлдүү сүрөтү бар ак футболка, жол-жол көк шорты, ак байпак, көк бут кийим, башына көк кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Бишкек шаарында сегиз жаштагы Абай Мейманов аттуу бала изделип жатканын Свердлов РИИБ билдирет.

Маалыматка ылайык, Абай 17-июнда эртең мененки 8.30да Жибек-Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинен дайынсыз жоголуп кеткен. 

Социалдык тармак сайтынын бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүнүн ким экенин эстей албаган абышканын баласы социалдык тармак аркылуу табылды
Болжол менен баланын бою бир метр, арык чырай, кара кыска чачтуу, көзү күрөң. 

Бала гүлдүү сүрөтү бар ак футболка, жол-жол көк шорты, ак байпак, көк бут кийим, башына көк кепка кийип жүргөн.

Абай Мейманов тууралуу угуп-билгендер болсо Свердор РИИБна кайрылып же 0312-43-28-15, 0550-10-28-72, 0551-10-28-05, 0557-20-12-68 телефондору аркылуу кабарлап коюну өтүнөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0