Күбө Шабаев өлтүрүлгөндөн жарым сааттан кийин унаа алмашылып калганын билдирди

Жазылуу
Тилек Шабаевдин өлүмүнө күбө болгон жаран алардын унаасын эч бир белгиси жок бир менчик машина Жол кайгуул кызматына чейин кууп баргандыгын айтат.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Жеке менчик машина окуя болгондон 30-40 мүнөт өткөндөн кийин кызматтык унаага алмашып калды деп билдирет Тилек Шабаевдин өлүмүнө күбө болгон Чүй облусуна караштуу Москва районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Керим Акматов. 

Светофордун кызылы күйүп турганда өтүп кетти делген Чүй облусуна караштуу Москва районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Тилек Шабаев Жол күзөт кызматынын инспектору тарабынан чыгарылган октон бейшемби күнү көз жумган. 

МАИ кызматкери жөндөн жөн эле атты – күбөнүн көрсөтмөсү
Sputnik кабарчысына берген маегинде ИИМдин Жол кайгуул кызматынын улук инспектору Тилек Оторов 11-июнь күнү кечинде Беловодское айылында Бишкек — Ош жолунун 39-чакырымында Фрунзе жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде Чүй облустук ИИББдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору "Гольф 3" автоунаасы менен жол көзөмөлүндө турушкандыгын Чүй облустук ИИББдин Жол көзөмөл кызматына таянуу менен билдирген. 

Оторовдун айтымында, саат 21:30да "Ниссан Альмеро" машинасы кызыл жарык күйүп турганда жолду кесе өтүп кеткен. Айдоочусу унааны токтотуу жөнүндө күзөт кызматкерлеринин белгисине көңүл бурган эмес. Инспекторлор анын артынан кууп жөнөшкөн. 

Куугунга алынган унаага жетип барып, инспекторлор анын жолун тороп, бири эскертүү иретинде өйдө карай ок чыгаргандыгын айтат ал. Бул, албетте, унааны токтотуу талабы болчу. 

"Бир колунда инспектор фонарь, экинчи колунда табелдик курал кармап турган. Айдоочу болсо инспектордун талабын экинчи жолу да көзүнө илбей, машинаны токтоткондун ордуна инспектордун оң бутун тебелеп кеткен. Натыйжада жол күзөт кызматкеринин куралынан өзүнөн өзү ок атылып кеткен. Ок унаанын сол терезесин сындырып өтүп, айдоочуга тийген", — деди Оторов. 

Ошол эле учурда айдоочунун жанында отурган окуянын күбөсү, каза болгон баланын кесиптеши Керим Акматов аларды жеке менчик машина куугандыгын, артынан Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери келе жатканын билишпегендигин айтат. 

"Алар биздин артыбыздан менчик машина менен куушту. Окуя болгондон кийин 30-40 мүнөт өтүп-өтпөй, "Гольф 3" маркасындагы кызыл түстүү күзөт машинасы келип калды. Эгер биздин артыбыздан ошол унаа кууганда, биз токтомокпуз", — деди Акматов. 

Шабаевдин атасы: адилеттүү сот болбосо, баламды өлтүргөндү өзүм жазалайм
Дүйшөмбү күн айдоочуну атып салган Жол кайгуул кызматынын инспектору Бишкек шаардык №1 СИЗОго эки айга камакка алынды. 

Мурдараак Москва районунун прокуратурасы Чүй облустук ИИББдин жол кайгуул кызматынын кызматкери В.С.ге каршы Кылмыш жаза кодексинин 305-беренесинде ("Кызмат абалын ашыкча жогорулаткандык") каралган кылмыш белгилери боюнча иш козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0