Төрт килограмм героин сатууга аракет кылгандар кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБаңги зат. Архив
Баңги зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана алардан алынган баңгизат мындан аркы иликтөө иштери үчүн УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Баткен облусунун чек арачылары жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Лейлек районундагы Коргончо аймагында баңгизат сатууга аракет кылган бир тажик жана эки кыргыз жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандардан төрт килограмм көлөмүндө героин табылган. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана алардан алынган баңгизат мындан аркы иликтөө иштери үчүн УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0