Каржы полициясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам кызматкери бажы кызматынын өкүлүн опузалап 140 миң сом талап кылган.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭКККМК) ыкчам кызматкери 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Акча менен кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ЭККМКнын каржы полициясынын кызматкери бажы кызматынын өкүлүн опузалап, 140 миң сом талап кылганын аныктаган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында аталган мекеменин кызматкери 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул факты боюнча КР УКМК тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 313-беренесине (“Опузалап пара талап кылуу”) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кармалган адам тергөө-камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0