Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон шамал 70ке жакын үйдүн чатырын учурду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүНа главной площади города Ош.
На главной площади города Ош. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк аймакта катталган катуу шамал 70ке жакын турак жайдын чатарын учуруп кетти. ӨКМ шамалдын ылдамдыгын тактап жатат.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Ош жана Жалал-Абад облустарында жекшемби күнү, 14-июнда болгон катуу шамал бир топ чыгым алып келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскерткен катуу шамал Бишкекте сезилген жок
Катуу шамалдын кесепетинен 70ке жакын турак-жай чатырсыз калган. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районундагы Осоавиахим, Үч-Чат жана Миязды айылдарында катуу шамал катталып, 43 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле Кара-Суу районундагы Сүрө-Таш айылында болгон шамал 20 турак-үйдүн чатырын алып кеткен. 

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда болгон катуу шамал Базар-Коргон айылындагы 3 турак үйдүн жана 1 сарайдын чатырынын шиферлерин учурган. Мындан сырткары, шамалдын кесепетинен 1 турак-үйдүн пескоблоктон урулган 40 метр дубалы кулаган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын ылдамдыгын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0