Кашкардан "Кара-Суу" базарына келе жаткан кытай ишкерлерин тоногон киши кармалды

Жазылуу
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2009-жылы Кашкар шаарынан келе жаткан кытай ишкерлерин кол салуу менен тоноп, ири суммадагы акчасын тартып алган.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Кашкардан келе жаткан кытай ишкерлерин тоногондугу үчүн издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү 1982-жылы туулган Медер аттуу жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ИИББдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран 2009-жылдын ноябрь айында Кытайдын Кашкар шаарынан Ош облусунун "Кара-Суу" базарына келе жаткан ишкерлердин автобусуна кол салып төнөп кеткендиги үчүн издөөгө алынган болчу.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош облусунун убактылуу кармоо жайына камакка алуу үчүн жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0