Хабаровскиде кыргызстандык мигрант рэкеттин курмандыгы болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүХабаровскиде кыргызстандык мигрант рэкеттин курмандыгы болду
Хабаровскиде кыргызстандык мигрант рэкеттин курмандыгы болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жараны андан "колдоочулук" үчүн 100 миң рубль талап кылып жатышканын айтып полицияга кайрылган.

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Хабаровскиде кыргызстандык мигранттан акча талап кылууга шектелген адам кармалганын аталган аймак боюнча ИИМ башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Хабаровскиде куруучу болуп иштеген кыргызстандык мигрант этникалык топтун бири "колдоочулук" үчүн 100 миң рубль талап кылып жатышканын айтып полицияга кайрылган. 

"Эгер макул болбосо, акча талап кылган адам жумушчуну жазалап, акчанын көлөмүн көбөйтө турганын айткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, акча түрмөдөгү адамдарга жөнөтүлмөк", — деп айтылат билдирүүдө.

РФ ИИМ Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ФСБ менен биргеликте Хабаровскинин соода борборлорунун биринен кылмышка шектүү жаранды далили менен кармашкан. 

Шектүү адам СИЗОго киргизилип, ага РФ Кылмыш жаза кодексинин 163-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Аталган кылмыш үчүн каралган эң жогорку жаза эркинен төрт жылга ажыратуу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0