10:35 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Иштен чыккан светофор

Бороондуу шамал 30 светофорду иштен чыгарды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Катуу шамалдын кесепети (17)
7610

Алай-дүлөй шамалдын кесепетинен Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү светофорлор жабыркады. Аларды калыбына келтирүү үчүн 4 ремонттук бригада иш алып барууда.

БИШКЕК, 9 июнь— Sputnik. Бороондуу шамал Бишкек боюнча 30 светофорду иштен чыгарганын Sputnik агенттигине Жол кайгуул кызматынын курулуш-монтаждык эксплутациялоо башкармалыгы билдирди.

Дүйшөмбү күнү кечки саат сегизде катуу шамал болуп, андан бактар кулап, электр түйүндөрү жабыркаган.

Маалыматка ылайык, учурда Дэн Сяопин, Абдрахманов, Масалиев, Курманжан датка көчөлөрүндө жана Чүй, Жибек Жолу проспектилеринде светофорлор иштебей турат.

Аларды калыбына келтирүү үчүн төрт ремонттук бригада иш алып барууда.

Адистердин айтымында, светофорлор кечке чейин өз калыбына келет. Көчөлөрдөгү автотыгындардан улам жарактан чыккан объектилерге жетүү кыйын болууда.

Тема:
Катуу шамалдын кесепети (17)

Тема боюнча

Шаар кызматтары түн бою бороондуу шамалдын кесепеттерин жоюп жүрүштү
Бороон-чапкын шаардыктардын шаштысын алды
Белгилер:
светофор, бороондуу шамал, Курулуш-монтаждык эксплутациялоо башкармалыгы, Жол кайгуул кызматы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ