Чек арачылар аткезчилик менен алынып бара жаткан 60 миң сомдук түстүү металлды кармашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек ара кызматкери вышкада. Архив
Чек ара кызматкери вышкада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран Өзбекстандан 250 килограммдык түстүү металл алып кирүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. Чек арачылар Кадамжайда түстүү металл аткезчилигинин жолун буушканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келе жаткан жер семирткич жана жез кармалды
8-июнь күнү Баткендин Кадамжай районундагы Достук калктуу пунктунан Айдаркен чек ара бөлүгүнүн жоокерлери мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктү кармашты.

Марказ айылынын тургуну Өзбекстандан Кыргызстанга көзөмөл пунктунан тыш жалпы салмагы 250 килограммдык түстүү металл алып кирүүгө аракет кылган. 

Алдын ала маалымат боюнча жүктүн жалпы наркы 60 миң сомду түзөт.

Кармалган адам жана контрабандалык жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0