12:19 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8114
  • EUR77.7804
  • RUB1.0971
Тез жардам автоунаасы. Архив

Ысык-Атадагы шамалдан бак кулап, дагы бир жаран каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Катуу шамалдын кесепети (17)
9001

Дүйшөмбү күнү кечинде катталган катуу шамал Чүй облусунун бир катар район, шаарларына зыян алып келди.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынын 74 жаштагы тургунун бак басып каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү кечинде болгон катуу шамалдын кесепетинен кулаган бак аны үйүнүн жанынан басып калган.

Буга чейин маалым болгондой, суу алып жаткан жеринен бактын чоң бутагы кулап, 13 жаштагы кызды басып калып, ал ооруканада каза болгон.

Тема:
Катуу шамалдын кесепети (17)

Тема боюнча

Бороон-чапкын шаардыктардын шаштысын алды
Кечээги шамалдан дарак кулап, Аламүдүндө 13 жашар кыз каза болду
Белгилер:
Каза болгондор, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ысык-Ата району

ЭҢ МААНИЛҮҮ