Алай-дүлөй шамалдын кесепети Таласка да тийди

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери. Архив
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде Таласта катталган катуу шамал мектептин жана бир нече үйдүн чатырын учуруп кетти.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Кечээ кечинде Талас шаарында катталган катуу шамалдан мектеп, жеке турак жайлар жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бороон-чапкын шаардыктардын шаштысын алды
Шамалдын кесепетинен, Талас шаарынын №1 орто мектебинин шиферлерин, жеке турак жайдын калай чатырларын учуруп кеткен. Андан тышкары эки терек үйдүн чатырына кулаган. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кароолор жүргүзүлүп, шаардык өрт куткаруу кызматынан беш адам, бир автокран жеринде иштеп, теректер кыйылган. 

Талас шаардык Гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча шамалдын ылдамдыгы Талас шаарынын айрым жерлеринде секундасына 20 метрге жеткен.

Ошондой эле Бакай-Ата, Кара-Буура райондорундагы мектептин жана жеке турак-жайлардын чатырларын учуруп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0