Жыл башынан бери өрттөн 104 кыргызстандык куткарылды

Жазылуу
ӨКМ тарабынан жыл башынан бери катталган 138 өзгөчө кырдаалдын ичинен 129у табигый кырсык болуп саналат. Республика боюнча 1 миң 168 өрт кырсыгы катталган.

БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. 2015-жылдын башынан бери өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары тарабынан 104 адам куткарылганын ӨКМ өзгөчө кырдаалдар борбордук башкармалыгынын жетекчиси Мухаммед Сваров билдирди.

Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары 377 жолу кырсык болгон жерлерге барышкан.

"Республика боюнча 1 миң 168 өрт катталган, өрт өчүрүүчүлөр 1 миң 319 жолу кырсык болгон жерге чыгышкан", — деди борбордук башкармалыктын жетекчиси.

ӨКМ тарабынан жыл башынан бери 138 өзгөчө кырдаал катталган, бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 34кө көп.

"Анын 129у табигый кырсык, 53 кар көрчү катталып, төрт жолу ири кар жааган, 20 катуу шамал,  беш жер көчкү, бир бороон, эки суу каптоо, 33 сел, бир суу ташкыны катталып, үч жолу үшүк жүрүп, бир жолу катуу мөндүр жааган", — дейт жетекчи. 

Бороон-чапкын шаардыктардын шаштысын алды
Сваров өткөн апта аягында күндүн ысышынан Исфара дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткенин маалымдады. Натыйжада Ак-Сай айылынын узуну 53, туурасы 3,5 метр келген 1947-жылы курулган көпүрөсүн суу алып кеткен. Ошондой эле Шураб (Тажикстан) шаарына алып барган суу түтүгү жабыркаган. Мындан Ворух анклавын жарык менен камсыз кылуучу бир электр мамы кулап кеткен.

Андан сырткары, "Тамдык" чек ара заставасы менен байланыштырган Геревшин дарыясындагы көпүрөнү жана Улар, Геревшин жайлоолоруна алып баруучу эки көпүрөнү суу алып кеткен. 

Сваров каналдарды тазалап, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү үчүн 15 адам тартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0