Бишкектеги суу түтүгү жарылган көчөдө куткаруучулар иштеп жатышат

© Акылбек БатырбековСуу түтүгү жарылган көчө
Суу түтүгү жарылган көчө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу түтүгүнүн жарылышынан эч ким жабыркаган жок деп билдирди ӨКМ.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Суу түтүгү жарылган көчөдө куткаруучулар иш алып барып жатканын Sputnik агенттигине ӨКМ билдирди. 

Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн аймагында суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге таштар ыргып жатканын Sputnik агенттигине окуяга күбө болгондордун бири билдирген. 

“Биздин куткаруучулар учурда ошол жакта. Кырсык тууралуу маалымат саат 17.00дө түштү. Жабыркагандар тууралуу кабар жок. "Бишкекжылуулуктармагы" ААК кызматкерлери кырсык үчүн жооп беришет. Куткаруучулар сууну сордуруп, жабыркагандар болсо, тез жардам дарыгерлери келгичекти аларга биринчи жардам көрсөтүшөт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0