ЖМК: белгилүү табып Джуна Москвада дүйнөдөн кайтты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАтактуу табып жана актриса Джуна Давиташвили. Архив
Атактуу табып жана актриса Джуна Давиташвили. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Джуна өз үйүнө жакын жердеги дүкөнгө чыккандан кийин өзүн күтүүсүз жаман сезген.

БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. Атактуу табып жана актриса Джуна Давиташвили Москвада 66 жаш курагында көз жумду деп билдиришет ЖМКлар актер Станислав Садальскийдин блогуна таянуу менен.

Анын айтымында, Джуна ооруканага келип түшкөндөн кийин эс-учуна келбей эки күн жаткан. Ал өз үйүнө жакын жердеги дүкөнгө тамак-аш алганы чыккандан кийин өзүн күтүүсүз жаман сезген.

"Бир нече күн мурун аны ооруканага алып келишип, ал жерден операция жасалган. Каны дээрлик жүгүрбөгөндүктөн ден соолугунда олуттуу кыйынчылык пайда болгон. Колу жансыз адамдыкындай муздак эле. Бирок чыныда анын жаны Вахтанг (Джунанын 2001-жылы каза болгон уулу — Sputnik) дүйнөдөн кайтканда эле кошо өлгөн болчу. Күч-кубаты кетип, тирүүнүн өлүгүндөй эле күн көрүп калган. Башкаларды дарылай албай калган, көзү да тез начарлап кеткен", — деп жазган Садальский.

Ырасталбаган маалыматтарга караганда, Джунага дартына даба сурап ар кайсы убактарда КПССтин БКнын башчысы Леонид Брежнев, сүрөтчү Илья Глазунов, италиялык актерлор Марчелло Мастроянни, Джульетта Мазина, режиссер Федерико Фелинни жана Роберт де Ниро кайрылган. 1997-жылы Джуна өзүн ассирий элинин ханышасы деп жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0