Ысык-Көлдүн жээгиндеги өрт 120 миң чарчы метр аймактагы чычырканакты жок кылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө 27 адам – 14 чолпон-аталык 13 балыкчылык өрт өчүрүү кызматынын жоокерлери катышты. 09.05те бардык кызматкерлер туруктуу орун алган жайында даяр болушту.

БИШКЕК, 6 июнь — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде чычырканак, бөрү карагат жана кургак чөп өскөн 12 гектар жер күйүп кеткенин өрт өчүрүү кызматынын дежур прапорщиги Сергей Дрыгин билдирди.

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат Балыкчы шаарынын өрт өчүрүү кызматына жума күнү саат 20.20да түшкөн.

"Жалын Сары-Камыш айылына жакын жайгашкан көл жээгиндеги 120 миң чарчы метр жерде өскөн кургак чөп, чычырканак, бөрү карагатты жок кылды", — дейт Дрыгин.

Чак түштө тигүү цехинде чыккан өрт
Өрт Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын өрт өчүрүү кызматтары тарабынан толугу менен токтотулду.

Өрттү өчүрүүгө 27 адам — 14 чолпон-аталык 13 балыкчылык өрт өчүрүү кызматынын жоокерлери катышты. 09.05те бардык кызматкерлер туруктуу орун алган жайында даяр болушту.

Эколог илимпоздордун айтымында, жээкте өскөн чычырканак көлдүн өзүн өзү тазалоосуна жардам берип, Ысык-Көлдүн экосистемасынын табигый коргоочусу болуп саналат. Учурда адам иш-аракеттеринен улам чычырканак өскөн аянттар кыскарып баратканы байкалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0