Ноокен районунун тургуну ууга чыгып, жардан кулап каза болду

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүАрхив: Красные горы по дороге Хорог-Ош.
Архив: Красные горы по дороге Хорог-Ош. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кара-Булак айылынын 30 жаштагы тургуну 29-майда ууга чыгып кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Ноокен районунун тургуну ууга чыгып, жардан кулап каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кара-Булак айылынын 30 жаштагы тургуну 29-майда Кара-Таш жайлоосуна ууга чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын кошуналары 3-июнда маалымат берип, 5 куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ошол эле күнү чыгышкан.

Куткаруучулар анын денесин таап,  сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен. 30 жаштагы тургун 50 метрлик аскадан кулап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0