Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Башкы прокуратура тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектин Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкерине карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматкери шаардагы ири ишкана ээсинен 5000 миң доллар талап кылган. 4-июнь күнү ишкердин арызынын негизинде ИИМ Бешинчи башкы башкармалыгынын кызматкерлери салыкчыны 100 миң сом алып жаткан жеринен кармашкан. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0