Адамдарды уурдоого шектелген жаран кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишендеги киши. Архив
Кол кишендеги киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял 2014-жылы үч бала күчтөп, курал менен коркутуп, күйөөсү менен кызын машинага салып, Тажикстан тарапка алып кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Адамдарды уурдоого шектелген уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалганын ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыкка жаран кайрылып, анын жакындарын уурдап кеткен Өткүр, Эрзат жана Арслан аттуу балдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, аты аталган балдар 2014-жылы курал менен коркутуп, күйөөсү менен кызын машинага салып, Тажикстан тарапка алып кетишкен.

"Аял жолдошу экөө Бишкектин базарларынын биринде жашылча-жемиш сатып иштешет. 2014-жылдын апрель айында коңшу өлкөнүн жаранына 60 миң долларга мандарин заказ кылышкан. Товар алууда мандариндин жарымы жараксыз экени маалым болгон. Соодагерлер бул тууралуу жеткирүүчүнү кабардар кылгандан кийин ал келүүгө убадасын берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик мандарин алып келген адам кийинки күнү келгенин маалымдайт, бирок сатуучулардын жүйөөсүнө макул болбостон, сумманын бардыгын талап кылган. Андан кийин мандариндин калганын көрүш үчүн Ош шаарына келишет. 

"Оштон аларды Өткүр, Эрзат жана Арслан аттуу балдар тоcуп алышат. Курал менен коркутуп, атасы менен кызын машина салып Тажикстан тарапка алып кетишет да, белгисиз жерде 20 күндөй кармашат", — дейт ИИМ өкүлү.

Умырзаков Мурсамлы Узакович Карышкыр деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Криминалдык авторитет "Карышкыр" Москвада кармалды
Талап кылынган акча төлөнгөндөн кийин жабырлануучуларды коё беришкен. Аталган окуя боюнча 2015-жылдын 18-майында ИИМ тарабынан кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо), 125-беренеси (мыйзамсыз эркиндиктен ажыратуу) жана 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын изилдөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну, 1990-жылы туулган кылмышка шектүү адам кармалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

  1. Баланы уурдатуудан кантип сактануу керектигин sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>>

 

Жаңылыктар түрмөгү
0