Бишкектеги бир чакырымга созулган эртең мененки автотыгын

© Sputnik / Батырбек Мамыркулов Тыгын "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.
Тыгын Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыгын "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Кыргызстандын борборунда бейшемби күнү эртең менен бир чакырымга созулган автотыгын катталганын шаардыктар билдиришти.

Тыгын "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.

Бишкек ШИИБ Жол-кайгуул кызматы айтылгандарды тастыктады.

"Автотыгындын болушуна айдоочулар күнөөлүү – айрымдары жолдун карама-каршысына чыгып алса, кээси жол эрежелерин бузушкан", — дейт Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын өкүлү Атыр Бекмурзаева.

Учурда Жол кайгуул кызматы трассадагы абалды жөнгө салууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0