Москвада жол кырсыктан каза болгондор боюнча маалыматты элчилик тактоодо

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын Москвадагы элчилиги. Архив
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылды делген Кыргызстандын жарандары боюнча толук маалымат кийинчерээк бериле турганын элчиликтен кабарлашты.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Жаңы Москва аймагында катталган ири жол кырсыгынын чоо-жайын тактап жатканын элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

КР элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, жол кырсыгынын чоо-жайын такташ үчүн консул окуя болгон жерге кеткен.

"Маалымат келип түшөрү менен консул дароо эле окуя болгон жерге кетти", — деди Кулукеева.

Жол кырсыгына кабылган жарандардын абалы боюнча толук маалымат кийинчерээк бериле турганын Кулукеева билдирди.

Автоунаалар кагышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада катталган жол кырсыгынан кыргызстандыктар каза болду
1-июнга караган түнү Киев кан жолунун 22-чакырымында Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган "Тойота-Альфарт" автоунаасын башкарып бараткан 1992-жылкы жаран жолдун каршы тарабында келе жаткан "Хюндай" автомашинасын кагып, ала салып кеткен. Жолдун каршы тарабынан келе жаткан ВАЗ-2114 машинасы "Хюндай" автоунаасын сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен "Тойотанын" айдоочусу жана анын ичиндеги эки жүргүнчү аял окуя болгон жерден каза болгон, үч аял жана бир эркек киши түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле "Хюндай" автомашинасынын айдоочусу да ооруканага жеткирилгенин Москва шаарынын Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0