Бишкек паркына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга ылайык кичинекей кыз эки күн мурун үй шартында төрөлгөн. Оролгон бала көчөдө канча жатканы белгисиз.

БИШКЕК, 1 июнь — Sputnik. Борбор калаада жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкенин ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Чоң Чүй каналы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң Чүй каналынан ымыркай кыздын сөөгү табылды
Маалыматка ылайык, 30-майда эртең менинки саат сегизде Тынчтык проспектисинин боюндагы "Сүйүү паркында" бак-дарактардын арасынан жаңы төрөлгөн кыз бала табылган. Ымыркайды шаар тургуну көрүп, милицияга кабарлаган. 

Окуя болгон жерге ИИМ ыкчам аракет көрүү борборунун жана Октябрь РИИБнин тергөө тобу келип, баланы №3 балдар ооруканасына жеткиришкен. Учурда ымыркайдын абалы оор бойдон калууда.

Алдын ала маалымат боюнча, наристе эки күн мурун үй шартында жарыкка келген. Оролгон бала көчөдө канча жатканы белгисиз.

Учурда Октябрь РИИБ №4 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан ымыркайды кооптуу абалда калтыруу фактысы боюнча текшерүү аракеттери көрүлүп, кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселе чечилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0