00:13 03 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Маданият министринин орун басары Максат Чакиевдин кармалышы (6)
160 0 0

Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишин жаап, оң чечим чыгарып берүү үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлерине пара сунуштаган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине пара берип жатканда кармалды.

2014-жылдын июль айында Максат Чакиев Ю.П. аттуу чет элдик жарандын ишенимине кирип, туризм тармагында бирге иштейбиз деп ага Туризмди өнүктүрүү кеңешине мүчөлүккө катталуу үчүн жасалма күбөлүк берген. Өз кезегинде чет элдин жараны Чакиевди материалдык жактан ыраазы кылышы керек болгон. Ал жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

Тергөө учурунда министрдин орун басары ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлерине ишти оң жагына чечип, токтотуу үчүн 2 миң доллар пара жана Ысык-Көлдөгү пансионатка бекер эс алып келүүнү сунуштаган.

Башкы прокуратура пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон жана аталган кылмыш ишин иликтөө ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Кийин Максат Чакиев кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган. ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара берүү кылмыш экенин айтканына карабай, бергенге аракет кылган.

28-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Чакиевди ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармашкан. Учурда ал Бишкек ИИББдин убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тема:
Маданият министринин орун басары Максат Чакиевдин кармалышы (6)

Тема боюнча

Өзгөн районунун соту пара алып жаткан жеринен кармалды
Башкы прокуратуранын кызматкерин 100 миң доллар пара менен кармаган учур
Маматалиев: Пара алып, акча талап кылгандарды милициядан айдаш керек
Белгилер:
пара, Туризм департаменти, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ИИМ, Максат Чакиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ