"Кыргыз темир жолу" тепловоз менен трактордун кагышуусу боюнча түшүндүрмө берди

© Равиль КиргизходжаевТепловоз менен трактордун кагышуусу. Архив
Тепловоз менен трактордун кагышуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тепловоз менен трактор алардын мекемесине таандык экенин мамлекеттик ишкана тастыктады

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектеги темир жолдон тепловоз менен трактордун кагышуусу териштирилип жатканын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Аталган кырсык Фатьянов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо болгон. Трактордун айдоочусунун көкүрөк клеткасы жабыркап, мээси чайкалган. Аны №4 шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

Тепловоз менен трактор алардын мекемесине таандык экенин мамлекеттик ишкана тастыктады.

"Териштирүү жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы иликтенип келтирилген чыгым эсептелүүдө", — деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

Трактордун айдоочусу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын айдоочусу болгон-болбогонун мекемеден такташкан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0