Төшөктөрдүн алдына жашынган тажик жаранын чек арачылар кармады

© Sputnik / Семиряга / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы текшерүү учурунда тажик жаранынын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Баткен облусунун чек арачылары "Кызыл-Бел" текшерип өткөрүү пунктунан чек ара эрежесин бузган тажик жараны жана аны жашырып бараткан кыргыз жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

"Кыргызстандын жараны Honda Odyssey автомашинасы менен тажик жаранын төшөктөрдүн алдына катып алып өтүүгө аракет кылган", — деп айтылат чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Текшерүү маалында билингендей, тажик жаранынын паспортунун мөөнөтү бүтүп калгандыктан, ал кыргыз жаранын автоунаасына катып, чек арадан алып өтүүнү суранып, бул кызматы үчүн "ыраазы" кыла турганын айткан. 

Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалган жарандар УКМКнын өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0