Сот 300 миң доллар алды деп алдамчылыкка шектелген аялды бошотуп жиберди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балтасы. Архив
Сот балтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы шаардын 40 тургунун АКШга тез арада виза алып берем деп алдап кеткен жаран кармалгандыгын билдирген эле. Жарандарга келтирилген зыяндын суммасы 300 миң доллардан ашат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту бир топ кылмыштарды жасаганга шектелген адамдарга түшүнүү менен мамиле кылат деп билдирет борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгын маалымат кызматы.

Мурдараак Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы шаардын 40 тургунун АКШга тез арада виза алып берем деп алдап кеткен жаран кармалгандыгын билдирген эле. Алдан ала маалыматтарга таянсак, жарандарга келтирилген зыяндын суммасы 300 миң доллардан ашат.

Бейшембиде тергөөчү Октябрь райондук сотуна кармалуучуну №1 Тергөө изоляторунда камоо сунушун билдирген. 

"Санкциянын жүрүшүндө райондук соттун имаратынын алдында алдамчыдан жабыр тарткан 10-15 адам чогулду. Алар тергөөчүнүн сунушун колдоп, айыпталуучуну камакка алууну талап кылышты", — деп билдирет ИИББ. 

Архив: Статуя древнегреческой богини правосудия Фемиды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сот системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү талкууланууда
Бирок тергөөчүнүн өтүнүчүнө, кылмыш аракеттеринин санына жана жарандарга келтирилген зыяндын көлөмүнө карабай, Октябрь районунун соту айыпталуучуну үй камагына алуу чечимин чыгарган. 

ИИББдин маалымат кызматы автоунааларды уурдагандыгы үчүн шектелген кылмыштуу топко карата санкция учурунда да ушундай эле көрүнүш кайталанганын белгилейт. 

Алдын ала маалымат боюнча, бир нече адамдын 16 кылмышка тиешеси бар болчу. 

"Кылмыш иликтөө кызматкерлери кармалгандар сегиз уурдоого тиешеси бар экендигин тастыктаган буюм далилдерин таап алышкан. Калган фактылар боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Далилдүү негиз бар экенине, тергөөчүнүн сунушуна карабай, Октябрь районунун соту айыпталуучуларга карата жашаган жеринен чыгып кетпөө милдеттемеси түрүндө жаза чарасын тандаган", — дейт ИИББдин маалымат кызматы. 

Башкармалыктын пикири боюнча, айыпталуучуларга карата соттордун жылуу-жумшак чечимдери кылмыш иштерин объективдүү жана ар тараптуу тергөөгө тоскоол кылып жатат. Анткени эркиндикте жүргөн айыпталуучулар өз ара ээн-эркин байланышып, күбөлөргө жана тергөөнүн жүрүшүнө терс таасир кылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0