ТИМ: жол эрежесин бузган дипномурлуу жип автоунаасы боюнча JICA нота алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү интернетте T 60017 мамлекеттик номерлүү жана дипломатиялык белгиге ээ жол тандабас "Ала-Тоо" аянтындагы "Илбирстеги" имарат тараптын жөө жүргүнчүлөр өтчү кишилерди качыра айдаган видео тасма чыккан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигине (JICA) эл баса турган жерде автоунаа айдап жүргөн айдоочуга карата чара көрүү боюнча нота жөнөткөн. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Дьяченко эреже бузган дипномерлүү автомашинанын айдоочусуна карата чара көрүүгө убада берди
Бейшемби күнү интернетте T 60017 мамлекеттик номерлүү жана дипломатиялык белгиси бар жол тандабас "Ала-Тоо" аянтындагы "Илбирстеги" имарат тараптын жөө кишилер жүрчү бөлүгүнөн кишилерди качыра айдаган видео тасма чыккан. Тактай келгенде, ал JICA долбоорлорунун бирине бекитилген автоунаа экендиги аныкталган.

ТИМ жиберген нотасында JICA агенттигинен эмне үчүн эреже бузуу болгондугун жана мыйзам бузган айдоочу туурасында маалымат берүүнү талап кылган. 

Бул жагдай боюнча маалымат кызматы аталган эл аралык агенттиктен берилген маалыматтын жыйынтыгы боюнча кошумча кабарларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0