Алты жаштагы кызды зордуктаган киши кармалды

Жазылуу
17-майда Биринчи Май РИИБине аял кайрылган. Анын айтымында, аны менен чогуу жашаган киши саат 15-00дөр чамасында 2009-жылы туулган кызын сыртка алып чыгып, кыйнап спирт ичимдигин берип, зордуктаган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жаш кызга карата сексуалдык кордук көрсөткөн киши кармалганын Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

"17-майда Биринчи Май РИИБине аял кайрылган. Анын айтымында, аны менен чогуу жашаган киши саат 15-00дөр чамасында 2009-жылы туулган кызын сыртка алып чыгып, кыйнап спирт ичимдигин берип, зордуктаган", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.

Аталган факт боюнча материалдар ИИББдин тергөө башкармалыгына берилип, Кылмыш каза кодексинин 130-беренеси ("Сексалдык мүнөздөгү кордук көрсөтүү") боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар экспертизалар белгиленди.

Бул кылмышты жасады деген шек менен 1982-жылы туулган Жалал-Абад облусунун жараны кармалды. Ал Бишкек ИИББдин убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0