23:50 22 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Самаков Карганбек Садыкович. Архив

Самаковдун баласынын атасынын кармалышы өч алуу дегенин Баш прокуратура четке какты

© Фото / пресс-служба ЖК
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (18)
17510

Кыргызстанда коррупция деген шек менен кармалган парламент депутатынын баласынын пикирин өлкөнөн көзөмөлдөөчү органы чындыкка дал келбейт деген билдирүүсүн айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковдун айтымында, андан атасы аркылуу өч алуу үчүн кармашкан. Бирок, муну башкы прокуратура четке какты. 

Кубанычбек Самаков башкы прокуратуранын белдүү кызматкерлеринин акча талап кылышы боюнча көрсөтмөнү өзгөртүү боюнча телефон чалуулар болгондугун айтты

"Башкы прокуратурада иштеген жогорку кызмат адамынын акча талап кылуусу боюнча көрсөтмөңдү өзгөртпөсөң атаңа же жакын туугандарыңа карата башкача чараларды көрөбүз деп телефон чалуулар болду", — деди Кубанычбек Самаков.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Санжар Абжалов бул күнөөлөө чындыкка дал келбегендигин, айтып, Кубанычбек Самаковдун айткандарын четке какты. 

"Кубанычбек Самаковдун сөздөрү курулай күнөөлөө, андыктан чындыкка дал келбейт", — деди Абжалов

Депутатка Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси, Коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталга көзөмөлдөөчү органдын билдирүүсүндө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алгандыгы туурасында айтылат.

Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (18)

Тема боюнча

Самаковдун жактоочусу ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт
Депутат Карганбек Самаков камакка алынды
Самаковду кантип кармашкандыгын анын жактоочусу айтып берди
Самаковдун тарапташтары жана Турсунбеков УКМКнын имаратына келди
Белгилер:
депутат, Санжар Абжалов, Кубанычбек Самаков, Карганбек Самаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ