Таксистти ырайымсыздык менен өлтүрүүгө шектелген топ кармалды

Жазылуу
Сот-медициналык экспертизанын маалыматына ылайык, жарандын өлүмүнө муунтуу себеп болгон. Андан тышкары, кабыргалары көп жеринен сынган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Милиция ырайымсыздык менен киши өлтүрдү деп шектелген топту кармаганын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 21.00 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Кара-Кол айыл аймагынын Папан айылында киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнын ыкчам иликтөө тобу барган. 

"Өлтүрүлгөн адам ким экени аныкталды. Ал 1952-жылы туулган, жүргүнчүлөрдү жеке ташуу менен алектенген, Өзгөн районунун тургуну болуп чыкты", — дешти министрликтен.

Эксперттер ал сабап-урууга жана муунтууга дуушар болгонун далилдеген көп сандагы издерди табышты. РИИБнын Тергөө бөлүмү КЖКнын "Өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүргөндүк" жөнүндө 97-беренеси боюнча кылмыш изин козгоду.

Ошол эле күнү өлтүрүлгөн таксистке тиешелүү Daewoo Matiz автоунаасы кылмыш болгон жерден бир нече чакырым аралыктан табылган.

Ыкчам иликтөөчүлөр шек саналган адамдардын изин тез эле табышты.

"Кара-СуУ РИИБнын жана Ош областтык ИИБнын кызматкерлеринин кесипкөй иш-аракеттеринин аркасында шектелүүчүлөрдүн баары ким экени аныкталды. Ыкчам териштирүү иштеринин жүрүшүндө Араван районунун үч тургуну кармалды", — деп билдиришти министрликтен. 

Кармалгандардын экөө 1991-жылы, дагы бирөө 1990-жылы туулган, эч жерде иштешпейт.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрт жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
Алдын ала маалымат боюнча, 7-май күнү үч бала Оштон такси кармап, Кара-Суу районунун айылдарынын бирине жеткирүүнү сурашат. Жолдо жүргүнчүлөр айдоочуга кол салып, алгач жип менен муунтушат. Анан аны машинадан алып чыгып, көпкө чейин сабап, анан кайра муунтуп өлтүрүшөт. Кылмышкерлер айдоочунун 500 сомун жана жеке буюмдарын алып кетишкен.

Сот-медициналык экспертизанын маалыматына ылайык, жарандын өлүмүнө муунтуу жана тилдин астындагы сөөктүн сынышы себеп болгон. Андан тышкары, кабыргалары көп жеринен сынган.

Азыркы учурда кармалгандар убактылуу камоочу жайга жеткирилген.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында болгон дагы бир оор кылмыштын бети ачылып, аны жасагандык үчүн да кармалган топ шектелүүдө. 

ИИМдин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 9-январында түштүк калаанын жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу дагы бир тургуну өлтүрүлгөн. Аны да сабашып, трос менен муунтуп кетишкен. Айдоочунун сөөгү өлтүрүлгөндөн бир нече күндөн кийин Оштун чет жакасынан, ал эми ага тиешелүү Honda Fit ташталган жеринде беш күндөн кийин табылган. Кылмышкерлер айдоочунун жеке буюмдарын жана 100 сомдон бир аз ашык акчасын алып кетишкен.

Бул эки кылмыш тең дээрлик бир эле жере жасалган. Аталган факттар боюнча тергөө улантылууда.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0