Кара-Суу: турак-жайларга түшкөн снаряд — биринчи окуя эмес

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүУчения артиллерийских подразделений. Архивное фото
Учения артиллерийских подразделений. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Суу аймагындагы аскердик бөлүктөрдүн биринен аскердик машыгуулардан улам кайып учкан снаряддын огу ошол аймактагы үйлөрдүн бирине түшүп, бактыга жараша, адам өмүрү кыйылган жок. Учурда бул боюнча иш аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилип, кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 29-апр. – Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын регионалдык командачылыгынын Түштүк-Батыш аймактык машыгуу борборунун 27-апрелде өткөн кезектеги №36806 аскер бөлүгүнүн батальондук окуусунда снаряддын огу кайып кетип, Кызыл-Байрактык мугалимдин үйүнө түшкөн. Бул окуядан соң аталган аймакта ири октуу куралдарды пайдаланган окуулар өткөрүлбөй турган болду. 

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы маалымат таратып, анда Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы үйгө снаряд түшүп, анын чатырын, полун жарып кеткендигин билдирди.

"Машыгуу учурунда БМП-2нин замбирегинен атылган снаряд кайып барып, Кызыл-Байрактык кишинин үйүнө түшкөн",— деп айтылат Башкы штабдын маалыматында.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров менен байланышканыбызда чек арачылар окту алып кетишкендигин билдирди.

"Мага бул туурасында айтышканда Наримандагы ПОМго чалдым, милиция убагында келди. Зыян өтө катуу болгон жок. Тоонун аркы бетинде жоокерлер аскердик машыгууларды өткөрө турган бөлүк бар, ал жерден да аскер кызматкерлерди чакырдык", — деди Капаров.

ШКУ мамлекеттеринин атайын даярдыктагы аскерлеринин биргелешкен машыгуусу
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймактык милициянын ага кызматкери Роберт Арзыгулов учурда иш аскердик прокуратурага өткөндүгүн жана мындан ары машыгууларда ири калибрлүү замбиректердин октору атылбай турганын билдирди. 

Үйгө түшкөн снаряд 30-40 миңдин тегерегинде чыгым келтирген 

Аймактагы айылдардагы талааларга машыгуулардын адашып учкан октору далай ирет түшкөндүгүн айтып келишет. Бул туурасында үйүнө снаряд түшкөн Аскербай Дөкөнөв өзү да айтып берди. 

"Бул окуядан кийин кызыгып, бизге коңшу жайгашкан Керме-Тоо айылына барып келдим, аларда мындай окуя көп кайталанат экен. 27-майдагы окуяга мен биринчи ирет туш болуп жатам. Кокустук экен. Саат 1:30дар чамасы болчу, Кудай жалгап, мектептен, иштен келип, эшикке чыгып калдым эле. Ок үйдү тешип кирип, полду сындырып, астына түшүптүр. Эми бул адашкан ок экен. Келип кечирим сурашты. Башкысы, аман калдык",— деди Дөкөнөв.

Айтмакчы, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн маалыматында мындан 15 күндөй мурда аскердик окуу-машыгуу иштеринен улам, Керме-Тоо айыл аймагындагы талаага да бир снаряд түшкөн. 

Бул маалымат туурасында жергиликтүү милиция өкүлү Арзыгулов аталган факт материалдык кылмыштарды каттоо китебине түшүрүлүп, тергөөгө жиберилгендигин айтты. 

"Керме-Тоодо талаага ок түшкөн фактыны да материалдык кылмышка каттоо китебине каттап, эки материал тең тергөөгө, андан ары прокуратурага өткөрүлгөн", — деди милициянын ага кызматкери.

Аталган Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө Кызыл-Байрак, Керме-Тоо баш болгон жети айыл кирет жана ал жакта 34 миңге жакынш киши жашайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0