Депутат Сакебаев бир тууганын уурдап кетти деген маалыматты төгүндөдү

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилиция кызматкер. Архив
Милиция кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар ЖМКлар "Абдыш-Атанын" ишканасынын жетекчиси Советбек Сакебаевди үйүнүн короосунан уурдап кетти деген маалымат таратышкан.
Депутат Сакебаев опровергает похищение своего брата — главы "Абдыш-Ата"

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Эркин Сакебаев бир тууганы Советбек Сакебаевдин уурдалышы боюнча маалыматты төгүнгө чыгарды.

Бир катар ЖМКлар "Абдыш-Атанын" жетекчиси Советбек Сакебаевди кечээ үйүнүн короосунан 28-апрелде уурдап кетти деген маалымат таратышкан. Такталбаган маалыматтарга ылайык, аны бошотуу үчүн жарым миллион доллар талап кылып, ошол эле күнү кечинде саат 16-00дөр чамасында бошотушкан.

Депутат анын бир тууганын эч ким уурдабаганын Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

"Ал болгону Бишкекке тишин дарылатуу үчүн барган. Кимдир бирөө аны уурдап кетти деген маалымат таратып жибериптир. Андай окуя болгон эмес", — деди ал. 

Эл өкүлү ошондой эле, анын туугандарынан эч ким укук коргоо органдарына кайрылбаганын билдирип, ишкер бир тууганы жумушунда экенин кошумчалады.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сакебаев арыз менен кайрылбагандыктан кылмыш ишин козголгон эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0