Белгилүү ырчы Батырхан Шукенов Москва шаарында каза болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБатырхан Шукенов. Архивное фото
Батырхан Шукенов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батырханов Москва шаарында жүрөгү кармап каза болгон. Ал үч жумадан кийин 53 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казакстандын белгилүү ырчысы, композитор, "А'Студио" тобунун негиздөөчүсү Батырхан Шукенов инфаркттан каза болгонун "Азия Дауысы" фестивалынын режиссеру Александр Понамарев Sputnik сайтына тастыктады.

"Москвадагы досторум билдиргендей, таңкы саат сегизде Батырханов каза болду. Мен анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — дейт Понамарев.

Астана шаарынын тургуну Нагима Адилова да ырчынын каза болгонун айтат.

"Менин уулум Астанада болгон фестивалда ал менен бир сахнада ырдаган. Бардык социалдык тармактарда анын каза болгону боюнча маалыматтар жүрөт. Ал абдан таланттуу музыкант болчу. Биздин эстрада орду толгус талантты жоготту", — деди Адилова.

Батырхан Шукенов 1962-жылы 18-майда Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында төрөлгөн. Музыкалык карьерасын Казакстандын эл артисти Роза Рымбаеванын тобуна саксофончу болуудан баштаган. Ал 1988-жылы достору менен "А'Студио" тобун түзүп, анын солисти болгон. Шукеновдун "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни", "Нелюбимая" жана башка ырлары коомчулуктун сүймөнчүктүү ырларына айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0