Чычкан суусуна кулаган "Хонда-Фиттин" ичинен бир аялдын сөөгү табылды

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүЧычкан суусуна кулаган "Хонда-Фиттин" ичинен бир аялдын сөөгү табылды
Чычкан суусуна кулаган Хонда-Фиттин ичинен бир аялдын сөөгү табылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош – Бишкек кан жолунда кырсыктап, Чычкан дарыясына түшүп кеткен жеңил унаанын ичинен бир аялдын сөөгү табылды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ош – Бишкек жолунда "Тойота-Витц" автомашинасы менен кагышып, Чычкан дарыясына түшүп кеткен "Хонда-Фит" автоунаасын суудан чыгарууда анын ичинен бир аялдын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктаган "Хонда-Фит" унаасы жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кетти
Жекшемби күнү, 26-апрелде кечки саат 21:20лар чамасында Бишкек – Ош кан жолунун Өрүктү аймагында "Тойота-Витц" менен "Хонда-Фит" автоунаалары кагышкан. Жол кырсыгына кабылган "Хонда-Фит" автомашинасы Чычкан дарыясына түшүп кеткен болчу.

Автоунааны суудан чыгаруу маалында анын ичинен аялдын сөөгү табылган. Ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, тактоо-иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0