Кырсыктаган "Хонда-Фит" унаасы жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кетти

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүКырсыктаган "Хонда-Фит" унаасы жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кетти
Кырсыктаган Хонда-Фит унаасы жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек – Ош кан жолунда "Тойота-Витц" менен "Хонда –Фит" кагышып, экинчи машина жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кеткен.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кеткен "Хонда-Фит" машинасы дарыядан чыгарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов Sputnik сайтына билдирди.

Кечээ, 26-апрелде саат 21:20 чамасында Чычкан капчыгайында "Тойота-Витц" менен "Хонда-Фит" автоунаалары кагылышып, жүргүнчүлөрү жеңил жаракат алышкан. "Хонда-Фит" автоунаасы ичиндеги жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар машинаны жана анын ичиндегилерди суудан алып чыккан. Жеңил жаракат алган жүргүнчүлөрдү Токтогул шаардык ооруканасына жолдогу бараткан автоунаага салып жиберишкен.

Куткаруучулар кырсык болгон жерде нөөмөттө турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0