Казакстанда жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү алынып келди

© Sputnik / Меркурий Голоднов / Медиабанкка өтүүЖол. Архив
Жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибиздин сөөгү четинен алынып келе баштады. Бүгүн Ош шаарында кырсыккатан курман болгон беш адам жерге берилет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгынан каза болгондордун ичинен бир үй-бүлөнүн беш мүчөсүнүн сөөгүн бүгүн алардын атасы таңкы алты жарымда "Ак жол" постунан Кыргызстанга алып өттү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Казакстанда кырсыкка кабылган кичи автобус 19 эмес, 7 жүргүнчүгө гана ылайыкталган
Жол кырсыгынан көз жумган Оринбаевдерди үй-бүлө башчысы Рахимжан Оринбаев өзү туугандары менен бирге Жамбыл облусунун Балкаш шаарына барып алып келди. Каза болгондор бүгүн жерге берилет. 

Жекшемби күнү, 19-апрелде эртең менен ири жол кырсыгынан кыргызстандык 15 адам курман болуп, бир тобу күйүп кеткен. Кырсык Жамбыл облусуна караштуу Моюнкум аймагындагы Алматы — Екатеринбург жолунун 487-чакырымында болгон. Жүк ташуучу "Газель-2705" машинасы менен "Мерседес-Бенц Спринтер" кичиавтобус кагышкан. Кырсык болгон учурда спринтердин ичинде эки айдоочуну жана үч баланы эсептегенде 19 адам келе жаткан. Алардын ичинен Оринбаевдердин үй-бүлөсүнүн бара жаткан беш мүчөсү тең каза болгон.

Жамбыл облусунун аймагында жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн ӨКМ 20-апрелде КамАЗ автоунаасын жана төрт кызматкерин жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0