Муң-Куштун Кызыл-Сөөк аймагында жер көчүп, сууну бөгөп калуу коркунучун жаратты

Жазылуу
Жумгал районундагы Арал – Миң-Куш унаа жолунда жер көчүп, жол жээгин бойлой аккан сууну толук бөгөп калуу коркунучун жаратты. Жер көчкү активдүү жүрүп жатат..

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунда 17-апрель күнү саат 17:20 чамасында Арал – Миң-Куш унаа жолунун 33-чакырымындагы Кызыл-Сөөк участкасында болжол менен 460 миң куб метр жер көчкү түшүп, Миң-Куш суусун толук бөгөп калуу коркунучун жараткан. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРЗемляной обвал в селе Кызыл-Соок на автотрассе Арал—Мин-Куш
Земляной обвал в селе Кызыл-Соок на автотрассе Арал—Мин-Куш - Sputnik Кыргызстан
Земляной обвал в селе Кызыл-Соок на автотрассе Арал—Мин-Куш

Аталган унаа жолунун бир тарабы жабык. Унаа жолдун 60 метр аралыгын суу жиреп жатат. Окуя болгон жерде транспорт кызматынын техникасы иштөөдө. Жер көчкү активдүү жүрүп жатат..

Жаңылыктар түрмөгү
0