Майлуу-Суу шаарынан бала бакчадан чыккан 4 жаштагы өспүрүм сайга түшүп каза болду

© Sputnik / Сергей Лидов / Медиабанкка өтүүМайли-Сай. Архив
Майли-Сай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-апрель күнү бала бакчадан чыккан 4 жаштагы Мыктыбек Мамаджанов Майлуу-Суу сайына түшүп кеткен.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 13-апрель күнү кечки саат 18-00дөр чамасында 2011-жылы туулган Мыктыбек Мамаджанов бала бакчадан чыгып, Майлуу-Суу сайына түшүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сууга түшүп кеткен 4 жаштагы баланын сөөгүн 14-апрель күнү эртең менен Көк-Таш айылынын тургундары сай боюндагы бутактын арасынан табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0