Чек ара кызматынын аскерлери Сочиде өткөн аскер ыры конкурсунда биринчи болушту

© Фото / пресс-служба ГПС КРКыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери аймактар аралык XVIII аскер ыры фестивалында "Вокалдык-инструменталдык ансамблдер жана топтор" номинациясы боюнча биринчи орунду ээлешти.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери аймактар аралык XVIII аскер ыры фестивалында Вокалдык-инструменталдык ансамблдер жана топтор номинациясы боюнча биринчи орунду ээлешти. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери аймактар аралык XVIII аскер ыры фестивалында "Вокалдык-инструменталдык ансамблдер жана топтор" номинациясы боюнча биринчи орунду ээлешти.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери Россиянын Сочи шаарында өткөн аймактар аралык XVIII аскер ыры фестивалында биринчи орунду ээлешкенин аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Аталган фестиваль КМШ мамлекеттеринин чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңеши тарабынан өткөрүлүп келет. Фестивалдын жеңүүчүлөрү бүгүн мекенине кайтып келишти. Аларды эл аралык "Манас" аэропортунан эмгек жамааты, туугандары тосуп алышты.

Фестивалда Мукамбет уулу Аксайбек менен Мамырбай уулу Алымбек "Вокалдык-инструменталдык ансамблдер жана топтор" номинациясы боюнча биринчи орунга чыгышкан. Ал эми "Профессионалдык авторлордун ырларын аткаруу" номинациясы боюнча Мукамбет уулу Аксайбек экинчи орунду ээлеген. Алар А.Бабаджаняндын "Бизге бир гана жеңиш керек" ("Нам нужна одна победа") жана "Ошол жылдарга таазим этебиз" ("Поклонимся великим тем годам") ырларын аткарган. 

2013-жылы Мукамбет уулу Аксайбек "Профессионалдык авторлордун ырларын аткаруу" номинациясы боюнча биринчи орунду алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0