Хакасиянын эл артисти: Новокурск айылында кыргыздардын үйлөрү күйүп кетти

© Sputnik / Денис Мукимов / Медиабанкка өтүүХакасияда болуп жаткан өрт
Хакасияда болуп жаткан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хакасиянын тургуну берген маалыматты КРдин Екатеринбургдагы Башкы консулчулугу да ырастайт.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Хакасияда болуп жаткан өрттүн натыйжасында Новокурск айылында кыргыз үй-бүлөнүн тогуз чакты турак-жайы өрттөнүп кетти деп билдирди Sputnik кабарчысына Хакассиянын эл артисти Герман Танбаев.

Анын айтымында, республиканын бүтүндөй аймагы боюнча чоң өрттөр жүрүп жатат жана жабыр тарткандар көп. 

"Бейск районуна караштуу Новокурск айылында кыргыз үй-бүлөлөрү жашоочу тогуз үй күйүп кетти. Менин билишимче, курман болгондор жок", — деди Танбаев.

Ошондой эле ырчы өрт республиканын борбору Абакандын да чет-жакасында болгонун билдирди.

"Мен шаардын ичине тараган оттун түтүнүн көрдүм. Өрт коркунучу дагы эле бар, бирок ӨКМ кызматы ага жол бербөө үчүн бардык аракеттерди жасап жатат", — деп баса белгиледи Танбаев.

Хакасиянын тургуну берген маалыматты КРдин Екатеринбургдагы Башкы консулчулугу да ырастайт.

"Өрттүн натыйжасында Кыргызстандын жарандарына жана биздин мекендештерге тиешелүү тогуз үй күйүп кеткен. 37 адам, анын ичинде 12 бала баш калкасыз калды. Курман болгондордун жана жардам сурап кайрылгандардын арасында биздин мекендештер жок", — деп айтылат КРдин ТИМинин билдирүүсүндө.

Анда окуя болгон жерге Новосибирсктен вице-консул Маматалиев жөнөп кеткендиги жана азыр Хакасияда кыргыз диаспорасы жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү аракеттерин жүргүзүп жаткандыгы да айтылат. Ошону менен катар Башкы консулчулук Россиянын бүтүндөй Урал жана Сибирь аймактарындагы кыргыз диаспораларынын арасында мекендештер үчүн гуманитардык жардам уюштуруу боюнча иш баштады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0