Төрт киши 175 килограмм баңги зат менен кармалды

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүБаңгизат менен кармоо. Архив
Баңгизат менен кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чоң көлөмдө баңги заттарды ташыган топтун ишине чекит койду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган зат героин болушу ыктымал.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-апрелде Чүй облусунда жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынан жыйынтыгында чет жакка баңги зат ташыган топтун 4 мүчөсүн кармаганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Баңги зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
125 кг героин менен чет элдик жарандар кармалды
Аталган топ ири көлөмдөгү баңги затты ташып келген. Кармоо учурунда алардын жанынан 175 килограмм 200 грамм бозомтук түстөгү пакеттер табылган. Алдын ала маалыматтар ылайык, анын ичиндеги зат героин болушу ыктымал.

УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 204 ("Аткезчилик") жана 247-беренеси ("Баңги заттарын мыйзамсыз сатуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда УКМК аталган кылмыш ишине тиешеси бар делген башка кишилерди издөөнү улантууда. Ошондой эле баңги заттарын ташыган башка топторду, каналдарды аныктап, алардын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Март айынын аягында УКМК эл аралык кылмыштуу топтун 3 мүчөсүн кармашкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0