Россия менен Кытай "спайска" каршы бирге күрөшүү жөнүндө меморандумга кол коёт

© AFP / LEON NEALSpice. Архив
Spice. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БКФКнын маалыматына ылайык, чекме аралашмалар, башкача айтканда, "спайс" Россияга негизинен Азия аймагынан, анын ичинде Кытайдан жашыруун химиялык лаборияларда даярдалып келет.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россиянын Байги заттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы жана Кытайдын Коомдук коопсуздук боюнча министрлиги "спайс" деген атта белгилүү болгон психоактивдүү жаңы заттар менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшат деп билдирет РИА Новости.

"Россиянын БКФК директору Виктор Ивановдун КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин (өкмөтүнүн) өкүлү, коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунь менен жумушчу жолугушуусунун алкагында тараптар психоактивдүү жаңы заттарыды чыгарып, жайылтууга каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшмакчы", — деп айтылат БКФКнын кайрылуусунда.

Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары баңги кылмышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттешүүнүн келечегин, Шанхай кызматташтык уюмунунун жана БРИКСтин алкагында баңгиликке каршы кызматташтыктын жол-жоболорун, ошондой эле баңги заттарды ташуу жолдорун бууп, баңги кылмышынын экономикалык негиздерни жоюу боюнча биргелешкен операцияларды талкуулашат.

БКФКнын маалыматына ылайык, чекме аралашмалар, башкача айтканда, "спайс" Россияга негизинен Азия аймагынан, анын ичинде Кытайдан жашыруун химиялык лаборияларда даярдалып келет.

2014-жылдын сентябрында спайсты колдонуудан Россияда көп сандагы адамдардын ууланышы аталган маселеге коомчулуктун курч көңүлүн бурган. Анда ЖМКларда "спайс-киши өлтүргүч" аталган бул заттардан 2 миңге жакын адам жабыр тартып, анын 40тан ашыгы каза тапкан. Февралдын башында "спайсты" жүгүртүүгө алып чыгууга жана пропагандалоого тыюу салынган. Мыйзмам боюнча БКФК психоактивдүү жаңы заттардын Россияда сатууга уруксат берилбей турган тизмесин түзүп турууга укук алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0