Салык инспекциясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Ал ишкерден фирмасын жаап берем деп пара талап кылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облустук ИИББдин 5-башкармалыгы Бишкек шаардык прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Райондук салык кызматынын кызматкери фирманы жаап берем деп 50 миң сом талап кылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0