Жекшембиде ала салып, күйүп кеткен "Москвичтен" үч жашар баланын сөөгү табылды

© Sputnik / С. Соловьев / Медиабанкка өтүүМосквич-412. Архив
Москвич-412. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча кечээ он жети өрт кырсыгы катталып, эки киши каза таап, бир киши күйүктөн оор жаракат алган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү республика боюнча 17 өрт кырсыгы катталып, алардын кесепетинен эки киши каза болгон.
Жол кырсыгына кабылып күйүп кеткен автоунаадан кичинекей баланын күйгөн сөөгү табылган. Бул туурасында Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы "Кырчын" коктусунда Москвич-412 автоунаасы ала салып кетип, толугу менен өрттөнүп,  анын ичинен 2012-жылы туулган баланын күйгөн денеси табылган. Автоунаа Борсуков аттуу жаранга таандык болгондугун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ушул эле күнү өрт дагы бир кишинин өмүрүн алды. Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында үйү менен кошо 43 жашар ээси күйүп кеткен.

Мындан сырткары, бул жекшембиде Ош шаарынын бир тургуну иштеп жатып, бети-моюну күйүп, Ош шаардык ооруканасынын күйүктөр бөлүмүнө жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0