Былтыр 110 тоннадан ашык тамак-аш жараксыз деп табылып, жок кылынган

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный знак биологической опасности
Международный знак биологической опасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республика боюнча бактериологиялык анализдерди жүргүзө турган 50 борбор бар. Бул борбордо жылына 150 миң текшерүү жүрөт.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Былтыр 100дөн ашык аталыштагы 110 тонна тамак-аштын коопсуздук нормаларына туура келбегени аныкталып, алар жок кылынганын Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин башкы директорунун орун басары Людмила Давыдова билдирди.

Бул тамак-аштын ичинде эт, сүт азыктары, туз, улуттук суусундуктар жана башка азыктар бар.

Анын айтымында, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн жылына миңден ашык бактериологиялык жана химиялык текшерүү жүрөт. 

"Жалпы республика боюнча бактериологиялык анализдерди жүргүзө турган 50 борбор бар. Бул борбордо жылына 150 миң текшерүү жүрөт. Ал эми санитардык гигиеналык тармактагы 48 борбордо болсо, 120-130 текшерүү жасалат", — деди Давыдова.

Анын айымында, 2014-жылы 2 миң ишкана текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0