Пакистандын жаранын опузалап акчасын тартып алган деп шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Милицияга кайрылган Пакистандын жараны ага бейтааныш кишилер күч колдонуп машинасынын документтерин жана 27 миң долларын тартып алганын айткан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Пакистандын жаранын опузалап акчасын тартып алды деп шектелген киши кармалганын Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Пакистандын 36 жаштагы жараны аны Олег аттуу жаран күч колдонуп машинасынын документин жана опузалап 27 миң долларын тартып алганы тууралуу арыз менен өткөн жылдын декабрында кайрылган.

Ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, Бишкек ШИИББдин кызматкерлери аталган ишке шектүү деп 46 жаштагы Бишкектин жаранын кармашты.

Аталган факт боюнча тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0